Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: Ыйык Валентин күнү


Өткөн аптада дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү же махабат майрамы белгиленди. “Кызыктар дүйнөсүндө” аттуу рубрикабызда ал күнү болгон айрым кызыктуу окуялар жөнүндө айтып беребиз.

14-февралда Филиппиндин баш ордосу Манила шаарында 5100дөн ашуун түгөй 10 секунддук өбүшүү марафонуна катышты. Алардын арасында шаардын мэри Лито Атиенца да болду. Буга чейинки рекорд өткөн айда Чилиде катталган. Ал марафонго 4 миң 445 түгөй чогулган. Өлкөнүн католик традицияларын урматтоо иретинде, Маниладагы иш чарага жубайлар же баш кошууга даярданып жаткандар гана катышууга укук алышты.

Нью-Йоркто болсо ал күнү 17 түгөй “Эмпайэр Стэйт Билдингдин” 80-кабатында туруп, нике шакектерин бири-бирине тагышты. Асман тиреген бул имарат “Кинг Конг” тасмасынан кийин дүйнөлүк даңазага ээ болгон. Он жылдан бери болсо Ыйык Валентин күнүндө анын 80-кабатында баш кошуу модага айланды. Имарат жалпысынан 170ге чукул үйлөнүү тоюна күбө болду.

Салттуу шампан ичилип бүткөндөн кийин жаш жубайлар шаарга көз чаптыруу үчүн 86-кабаттагы панорамалык жайга көтөрүлүшөт. Быйылкы салтанаттуу иш-чарага алыскы Жаңы Зеландия менен Германиядан келген ашыктар да катышты.

Башка бир түгөйлөр болсо АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско калаасына агылды. Себеби, өткөн аптада жергиликтүү сот бир жыныстагылардын баш кошуусуна тыюу салган токтом чыгарбай турганын жарыялады. Калифорниянын мыйзамдары бир жыныска таандык түгөйлөрдүн расмий түрдө үй-бүлө куруусуна жол бербейт. Бирок Сан-Францисконун мэри гомосексуалдар тең укуктар жөнүндөгү беренеге ылайык, баш кошууга укуктуу экенин белгилеп, чектөөлөрдү алып салууну чечти.

Кийинчерээк штаттын Жогорку Сотунун судьясы ошондой үйлөнүүлөргө тыюу салган убактылуу буйрукка кол коюудан баш тартты.

Ошентип, Сан-Франциско - гомосексуалдардын өз ара баш кошуусуна уруксат берген АКШнын алгачкы шаары болуп калды.


Ал эми өмүрлүк жар издеп, аны таба албай жүргөн америкалык аялдарга алыскы Аляскага баруу сунуш этилет. Акыркы иликтөөлөр көрсөткөндөй, Алясканын эң чоң шаары Анкоражда Американын жаш, дени сак, татынакай эркектери топтолгон.

“Тиисли” маркетинг фирмасы Анкоражда 24-35 жаш аралыгындагы 15 бойдок жигитке 10 аял туура келээрин аныктады.

Фирма өз веб баракчасында изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө мындай деп жазыптыр: “Бай, бойдок жигитти кыштын ызгаарында жалгызсыратпагыңар келсе, Анкораж сизди күтүп жатат!”


Ал эми франциялык Кристел деген айым мындан бир жарым жыл илгери набыт болгон жигитине турмушка чыгып, махабат үчүн адам эмнеге гана барбай турганын тастыктады. Кристелдин сүйлөшкөн жигити, полициячы Эрик Демишел 2002-жылдын сентябрында Ниццада машина коюп кетип дүйнөдөн кайткан болчу. “Аркы дүйнөгө кеткендер менен баш кошууга жол берген мыйзам Францияда Шарл де Голлдун маалында эле кабыл алынганы менен, юридикалык уруксат алуу өтө кыйын болду”, - дейт Кристелдин адвокаты Жилбер Коллар.

Ниццанын мэриясында өткөн үйлөнүү салтанатына бул келин кара кийимчен келди. “Менин мындай чечимим кээ бирлер үчүн түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок Эриктин өлүмү махабатымдын күчүн кетирген жок. Анын атын сыймыктануу менен алып жүрөм”, - дейт Кристел Демишел.


Америкалык оюнчук чыгаруучу “Маттел” фирмасы дүйнөнүн эң таанымал куурчагы Барби түгөйү Кен менен ажырашууда деп жарыялады. 43 жылдан бери чогуу жүргөн Кен менен Барбинин жолдору эмне себептен бөлүнүп кетти? Отунун күйүшпөй калганынын себеби тууралуу сурасаңыз, экөө тең унчугушпайт. “Маттел” фирмасы болсо жакында Барбини жаңы жан шеригинин коштоосунда көрсөңөр болот деп убада кылууда.

Балким, ал жаңы шерик Аляскадан болуп жүрбөсүн?

Кандай болгон күндө да жаңы махабат романы Барбинин маанайын көтөрүп, анын сатылышын да жогорулатат деп үмүттөнүшөт өндүрүүчүлөр. Баса, ар бир секунд сайын дүйнөдө бирден Барби куурчагы сатылат экен.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG