Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

АСЫЛ ТУКУМ ЖЫЛКЫ ЧАРБАСЫ ӨКМӨТТҮН КОЛДООСУНА МУКТАЖ


Дүйнө жүзүндө жылкынын 150дөн ашык түрү бар. Алардан англиялык жана араб асыл тукум жылкылары жогору бааланат. Кыргызстанда мурда асыл тукум жылкынын 4 түрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп келген. Кийин кыргыз жергесиндеги асыл тукум жылкы чарбалары жоюлуп, жеке ишкерлердин демилгеси менен гана жылкынын асылдуулугун сактоо аракети жасалууда. Кыргызстандын “Глазур” аттуу күлүгү Москвада өткөн олимпиадалык оюндарда Александр Блиновду олимпиадалык алтын байгеге жеткирген. Анткен менен жылкы чарбачылыгын өнүктүрүүдө көкөй кести көп маселелер бар.

Кыргыздар илгертен эле жылкыны барктап, баалап келишкен. Баатырлардын да даңкын чыгарган алдындагы тулпары болгон. Кыргызстандын күлүктөрү Ашхабаддан Таласка чейин көп күндүк супер жарышта дүйнө элин таң калтырган. Эгемендүүлүк алганы өлкөдө дээрлик асыл тукум жылкы чарбалары жоюлуп, айрымдары менчиктештирилип, фермердик чарбаларга чачырап кетти.

Саяпкери жарашкан күлүктөр 5-6 жеңил машина утуп, жылкынын баасы жогорулады. Мисалы, көлдүк Абдымалик Акматбаевдин асыл тукум күлүктөрү 6 ай ичинде аламан байгеден 7 машина утуп бергени элдин эсебинде. Көкбөрүнүн мыкты аттарынын баасы да өсүп, коңшу казактар 5-6 миң долларга сатып алып кетишүүдө.

Өлкөдө мурда 300 миңдей жылкы болсо, учурда фермердик чарбалардын эсебинен жылкынын саны андан да көбөйдү.

Желе-желе бээ байлап, жайкысын кымыз менен жан багып, ишкерлик кылгандар да арбыды. Мындан 4-5 жыл мурда кыргыздын белгилүү жазуучусу, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Евробиримдиктен атайын адистер Кыргызстанга келишип, Ысыккөлдү ылайык көрүп, Азия аймагында ветеринардык эркин аймак ачууга макул болушкан. Бул ишти кыргыз өкмөтү эларалык деңгээлде Евробиримдик менен келишим түзүп, ырасмий түрдө ачып бериши керек болчу.

Ветеринардык эркин аймак ачылса Кыргызстанга пайда гана алып келмек. Бул жөнүндө өлкөнүн ат спорту федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Манас Султанов өз пикирин төмөнкүчө билдирди:

- Мындай аймакты ачуу үчүн Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түркмөнстан, Иран, Пакистан, Индия жана бир нече араб өлкөлөрү да аракет кылышканы менен Евробиримдик Кыргызстанга гана макулдук берди. Мындай жагдай түзүлсө Ысыккөлдө 10-15 асыл тукум жылкы заводу ачылып, чет өлкөлөрдөн да инвестициялар келмек. Жылкынын асылдуулугу да артып, ат спортунун, туризмдин өнүгүшүнө да өбөлгө болмок. Бул аймакты ачуу үчүн кыргыз өкмөтүнөн бир тыйын да каражат коромок эмес. Эларалык ветеринардык кызмат, четөлкөлүк уюмдар аны ачуу үчүн грант берүүгө даяр. Биз кайрылсак “бул өкмөттүк деңгээлдеги маселе” дешип, коомдук уюмдарга макул болбой жатат. Өкмөт тарап 4 жылдан бери создуктуруп келатат.

Адистердин айтымында, Уралдан баштап Инди океанына чейин ветеринардык эркин аймак жоктугун эске алсак, Кыргызстанда мындай аймак ачылса, араб өлкөлөрү да Ысыккөлгө жайкысын күлүктөрүн алып келип, карантиндик кызматтан өткөрмөк. Же жайкысын аттарын Кыргызстанда бактырып, жылкы чарбаларын да ачып, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылмак. Себеби, жаз-жай мезгилинде араб өлкөлөрүндө ат чабыш, аламан байге мелдештери өткөрүлбөйт. Ошондуктан асыл тукум жылкыларын ысыктан качырып, Европа өлкөлөрүндө бактырат. Алар бир күнгө жылкы башына 150-200 америка долларынан баккан акысын төлөп турушат. Ал эми мелдешке катышаарга 90 күн калганда же сатыкка койордо карантин кызматы үчүн ар бир күнгө 400-500 доллардан төлөөгө аргасыз болушат.

Кыргыз жергесинде болгон арабдар жылкысын бул жерге арзан бактырууга абдан кызыкдар. Бул үчүн ветеринардык эркин аймактын болуусу шарт. Коңшулаш казактар менен түркмөндөр ахалтекин күлүктөрүн айласыздан Европадагы эркин аймактарга алып барып, көп чыгымга чыдабай, арзан эле сатып жиберүүдө. Эгерде Ысыккөлдөгү аймак ачылганда алар да бул кызматтан пайдаланып, жем-чөбү да арзанга түшмөк. Бул жерде багуу акысы да Европа өлкөлөрүнөн бир кыйла арзан болмок. Мындан сырткары ат сырын билген саяпкердик өнөрдү баалаган адистер да кыргыз жергесинде оңой табылат.

Голландиялык ишкерлер өз күлүктөрүн Кыргызстанга алып келүүгө, атүгүл бул жерде биргелешип жылкы чарбасын ачууга да кызыгып жүрүшөт. Казактар Англиядан, Ирландиядан асыл тукум күлүктөрдү алып, бул тармакты колго алып жатышат. Аларды көбөйтүп, кайра сатуу үчүн ветеринардык эркин аймактын күбөлүгү керек. Түркмөндөр да ахалтекин жылкыларын Ысыккөлгө алып келип, бул аймактан карантинден өткөрүп, башка өлкөлөргө оңой сатышмак. Кыргыз жергесиндеги көпчүлүк күлүктөр – ахалтекин жылкылар. Көп жылдар бою ат спорту мектебин жетектеп, эларалык мелдештерде калыс болгон Александр Мурсалимов жылкы чарбасын өнүктүрүү боюнча өз пикирин мындайча билдирди:

- Жылкынын асылдуулугун сактоону, селекция ишин өкмөттүк деңгээлде чечип, 70тен ашык фермердик жылкы чарбаны көзөмөлгө алуу зарыл. Евробиримдик макулдугун бергенден кийин бул ишти Кыргыз өкмөтү жан-дили менен аткарып, аймакты ачуу керек болчу. Кыргызстандык адистер көп жыл бою селекциялык иш жүргүзүп, англиялык асыл тукум жылкы менен кыргыздын жергиликтүү жылкысын аргындаштырып, 1953-жылы ортодон кыргыздын жаңы асыл тукум күлүгүн алышкан. Азыркы учурда алардын тукуму да бузулуп, жок болуу коркунучунда турат.

Асыл тукум күлүктөр дүйнө жүзүндө жогору бааланып, 100 миң доллардан бир нече миллион долларга чейин сатылып, күлүк күтүү барктуу болуп баратат. Кыргызстандын ат спорту федерациясы көпчүлүктүн көңүлүн буруу максатында Алматы-Чолпоната ат чабышын уюштуруу демилгесин көтөрүп жатат.

Кыргыз бийлиги тез арада Ысыккөлдө ветеринардык эркин аймак ачпаса Евробиримдик өз сунушунан баш тартышы да ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG