Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49

Нидерландия чет элдик бозгундарды мекенине кайтарат

Кечээ Нидерландиянын парламенти өлкөдө баш паанек алууну каалаган миңдеген качкындарды мекенине мажбурлап жөнөтүү тууралуу мыйзам кабыл алды. Жаңы мыйзамга жараша, Нидерландияга 2001-жылдын 1-апрелине чейин келген 26 миңге жакын адам өз журтуна жөнөтүлөт. Алардын көпчүлүгү Ооганстан, Ирак жана мурдакы Югославия республикаларынан келишкен.
Адам укугун коргоочу “Хьюман Райтс Уоч” уюму качкындарды мекенине күчтөп жөнөтүү - “эл аралык жоборлорду бузуу” болорун эскертти. Уюмдун билдиргенине караганда, Ооганстан, Сомали жана Чеченстан али да жашоо үчүн кооптуу.

Таңкы жаңылыктарды даярдаган Амирбек Азам уулу, Прага
  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" мурдагы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG