Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Араб жана ислам өлкөлөрү менен АКШ терроризмге каршы чогуу күрөшүүдө


Америка Кошмо Штаттардын Федералдык чалгындоо кызматынын-ФЧКнын башчысы араб жана мусулман өлкөлөрүнүн терроризмге каршы күрөштө АКШ менен кызматташуусу жакшырып баратканын билдирди. Роберт Мюллер кечээ Вашингтондо айтканына караганда, ФЧК менен араб жана ислам өлкөлөрү, өзгөчө, террорчулардын каржылык булактарын иликтөөдө үзүрлүү иштешүүдө. Мюллердин айтымында, АКШнын азыркы коопсуздугу 2001-жылы Американын шаарларында болгон террордук чабуулдарга чейинкиден жакшы абалда:

-Биз бүгүн Кошмо Штаттарда жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө 11-сентябрдан мурдакыдан коопсуз экенине ишенем.

Роберт Мюллердин сөзү боюнча, “ал-Кайидага” каршы күрөштөгү эларалык кызматташуу натыйжалуу болгонуна карабай, бул уюм али коркунучтуу бойдон калууда же дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде анын жактоочулары бар.

XS
SM
MD
LG