Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади шайлоого барбайт


Ирандык реформаторлор кечээ күнү өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменейиге жолдогон ачык катта, жума күнү болчу парламенттик шайлоо алдында бийлик менен элдин ортосундагы ажырым тереңдеп кеткени айтылат. 100дөн ашуун адам кол койгон катта Көзөмөл кеңеши 2,5 миңдей реформачыл талапкерди шайлоодон четтетип, “адамдардын эркин шайлоо жана шайлануу укуктарын бузду” деп сындалат. Ушул эле күнү Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади айым шайлоого катышпасын билдирди:

- Биз өзүбүз жакшы билген жана ишенген адамдар үчүн добуш беришибиз керек. Катталган талапкерлердин бирөөсүн да мен билбейм. Ошондуктан, мен азыр Тегеранда болсом да, добуш берүүгө барбайм. Анткени, мен талапкерлердин саясый багытын жана көз караштары менен тааныш эмесмин. Кийин алар кайда алып барарын ким билет?

XS
SM
MD
LG