БАТКЕН. Баткен районунун Аксы айыл өкмөтүнө караштуу Көкташ айылынын башчысы Шермат Айдаровдун билдиргенине караганда, аталган айылга тиешелүү Кара участкасындагы 10 гектардай жерди тажик атуулдары өткөн жуманын соңунда өз алдынча ээлеп алышып, түрдүү бак-даракдардын 500дөй көчөтүн отургузуп салышкан. Тажик атуулдары бул жерди Тажикстандыкы деп эсептешет. “Муну менен алар чегаралар такталмайынча талаштуу жерлерди иштетпей туруу жөнүндөгү эки тараптуу келишимди одоно түрдө бузуп жатышат”, дешет жергиликтүү талдоочулар. 17-февралда эки тараптын жергиликтүү бийликтери биригип көчөттөрдүн баарын жулуп чыгышкан. Бирок ушул эле күнү тажик атуулдары көчөттөрдү кайрадан отургузуп коюшкан. Ал эми 18-февралда Аксы айыл өкмөтүнүн башчысы бул тууралуу облус бийлигине кайрылды. Ушул эле күнү маселени иликтөө жана Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, окуя болгон жерге жөнөп кетти.