ЖАЛАЛАБАД. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлү Маркус Мюллер менен облустун губернатору Жусупбек Шарипов, облустук кеңештин төрагасы Кубанычбек Кудайбердиев жана башка жооптуу адамдар жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды. Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо тармагында мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар биргелешип иштешип жаткандыгы белгиленди. Маркус Мюллер Фергана өрөөнүндөгү кошуна мамлекеттердин өз ара ынтымагын күчөтүү зарылдыгына токтолду.