Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Банктар каражат караштырууда


БИШКЕК. Банк секторуна тартылган каражаттын көлөмүн ички дүң продуктынын 7%дан 18% чейин көтөрүү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын төрагасынын орун басары Каныш Шаршекеева бүгүн өкмөттө өткөн экономика саясаты боюнча кеңештин жыйынында билдирди. Жыйында банк тармагы тууралуу программа талкууланып, анда аманат акчаларды коргоо,төлөмдөрдү жакшыртуу, микрокаржы уюмдарын өнүктүрүү, коммерциялык банктарга ишенимди жогорулатуу, жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерге кредиттик ресурстарды бөлүү, банк кызматын жакшыртуу маселелери каралгандыгы маалымдалды. Ошондой эле программада күмөндүү жол менен табылган кирешелерди ачыкка чыгарууга жана террорчулукту каржылоого жол бербөө механизми иштелип чыккан.

XS
SM
MD
LG