БИШКЕК. Эртең Бишкекке Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенко бир күндүк иш сапары менен келет. Ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана өлкөнүн бир катар министрликтери жана мекемелеринин жетекчилери менен жолугушат. Иш сапар учурунда Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун өкмөттөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана маданий тармактардагы кызматташуу боюнча макулдашууга, Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун соода-өнөр жай палаталарынын, энергетика тармагындагы компаниялардын ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө. Губернатор Валентина Матвиенко Бишкектеги Кыргыз-славян университетинде жана жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн авиациялык компоненти болгон Канттагы авиабазада болмокчу. Бул жөнүндө бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.