Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:04

Оорукчандарга камкордук кандай?


БИШКЕК. Республикадагы психикалык жактан дартка чалдыккан бейтаптарды дарылоочу жайларда абал оорлоп, оорулуулардын укугу тебеленүүдө. Аларга зордук-зомбулук көрсөтүлүп, күч колдонулган учурлар арбын. Мындай жагдайды эларалык долбоордун алкагында жүргүзүлгөн мониторинг аныктады. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын саламаттык сактоо маселелери боюнча комитетинин жыйынында «Психикалык жактан саламаттык жана коом» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү билдиришти. Жыйында республикалык психо-неврологиялык борбордун башкы директору Сүйүтбөк Назаркулов аталаган бейөкмөт уюмдун айрым дооматтары негизсиз деп четке какты. Анын айтымында, 2003-жылы психикалык жактан дартка чалдыккан бейтаптардын тамак-ашына чектелчү 500 миң сом каржы министрлиги тарабынан бөлүнбөй калган. Андан тышкары жыйында саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов тармакка тиешелүү имараттардын канчасы менчиктештирилгени тууралуу так маалымат жок экендигин кабарлады. Министрликке тиешелүү имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун териштирип берүү өтүнүчүн депутат Ишенбай Молдоташев жетектеген депутаттык комиссия министрликке мындан эки жыл мурун жолдогон эле.

XS
SM
MD
LG