Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Жогорку Кеңештеги жолугушуу


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев АКШнын эларалык өнүктүрүү боюнча агенттигинин аймактык миссиясынын жетекчиси Майкл Фритц менен жолугушту. Ага Кыргызстандын Шайлоо кодексине киргизилген жаңы толуктоолор менен өзгөртүүлөр, маалымат каражаттарына байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу президенттин сунушу жана «Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча кыскача маалымат берилди. Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков, Алишер Сабиров катышты. Жолугушуунун аягында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Мыйзам чыгаруу жыйынына 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү техникалык жабдуулар жана китептер тапшырылды.

XS
SM
MD
LG