Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

ГЕЗИТТЕРДЕ ЭМНЕ КЕП?


Шаршембиде кыргызстандык окурмандар “Вечерний Бишкек”, ”Адабий гезит”, “«Московский Комсомолец» в Кыргызстане” жана “Аргументы и факты” в Кыргызстане” басылмалары менен тааныша алышты.Бул жолу басылмалар “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын айланасындагы кызуу талаш- тартыш, кайчы пикирлерге басым жасашты. «Аргументы и факты» в Кыргызстане» гезити Орусия Шериктеш өлкөлөрдөгү аласаларын кайтарып алууга бел байлаганын билдирди.

Шаршембиде жарык көргөн «”Московский Комсомолец” в Кыргызстане» басылмасы 20-февралда Кыргызстанга Санкт-Петербург облусунун губернатору Валентина Матвиенко келип, соода-экономика, илим, билим жана маданият тармагы боюнча эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге кол койорун билдирди. Жумалыктын кабарлоосуна караганда, орус тилинин көйгөйлөрүнө арналып, Бишкекте март айынын башында өтчү эларалык конгресске Орусиянын президенти Владимир Путиндин жубайы Людмила Путина келүүгө ниет кылууда.
Ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы ыйгарым жана толук укуктуу элчиси Евгений Шмагин “Кыргызстандын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам тууралуу өз ойлорун ортого салат. Анда элчи кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүнүн зарылдыгын баса белгилеп, бирок, жыйналыш, чогулуштар мамлекеттик тилде өткөрүлсө, аны синхрондуу түрдө орус тилине которуу үчүн азырынча техникалык мүмкүнчүлүктөр жоктугун, эки тилди каршы коюп кайраштырып, ортодо от менен ойноого болбостугун билдирген.

“Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси да шаршембидеги санында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу менен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары кыргыздарга жана “киргиздерге” бөлүнгөнүн, муну менен мамлекеттик тилди билбеген кызматкерлерге кыйын болоорун жазып чыкты. Бул макаланы жазган Антон Забайкальский менен Дмитрий Орлов эгемендүү болгон өлкөлөрдө орус тили өгөйлөнүп жатканын, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу менен Кыргызстанда дагы ырасмий аталган орус тили конституциялык статусун жоготуп алышы мүмкүндүгүн, бул саясий кризиске алып барышы мүмкүн деп божомолдошот. Ошондуктан «Президент Аскар Акаев бул мыйзамга каршы вето коюп, жалпы элдик талкуу уюштуруп же референдум өткөрүүнү сунуш кылуусу ыктымал» дешет авторлор.

Бул санда Ибрагим Рустамбек да макала жарыялап, анда “Орус менен тамашалашууга болбостугун” баса белгилейт. Автор президент Владимир Путин “Орусия мурдагы союздук мамлекеттер үчүн саан уйдай жардам бере албастыгын, шериктеш өлкөлөр менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктө болоорун” билдиргенин чечмелейт. “Шериктештерди кылчактап карай берсек, алыска кете албайбыз. Алар карыздарыбызды кайтарып бериши керек” деген президент Владимир Путиндин сөзүн тереңдетип, Кыргызстан Орусия үчүн геосаясий кызыкчылыкка байланганын, ошондуктан Канттагы аскер базасы ачылганын, орус тили ырасмий тил боюнча өз макамында калуу зарылдыгын да эскертет.

Тиркеме журналист Садырбек Чериковдун мамлекет башчысы Аскар Акаевдин, президенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалган Тойчубек Касымовдун, анын орун басарлары Болот Жанузаков менен Аликбек Жекшенкуловдун жана президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин бейнелерин ачкан макаласына орун берди. Анда президенттин азыр көп жолугушууларды өткөрүүгө чолоосу жоктугу, акыркы учурда кыска сүйлөп, маңыздуу доклад жасап, иштин көзүн билип, жаңы шайланган учурундай шайдоот болуп калганы баяндалат.

18-февралда «Вечерний Бишкек» гезити Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында премьер-министр Николай Танаев 2003-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет бергени жана депутаттардын ага койгон дооматтары тууралуу жазды. Андан тышкары гезит өлкөдө картошканын баасы көтөрүлбөй, дыйкандардын мээнети талаага кетип, ороодогу түшүм чирип баратканын кабарлады. Макала авторунун ою боюнча, Кыргызстанда Агрардык банк ачып, андан жеңилдетилген кредиттерди дыйкандарга берип, колдоо туруу зарыл.

Бейшембиде чыга турган «Общественный рейтинг» жумалыгында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу жооптуу катчы Наргиза Кожомкулова мындай дейт:

- “Кыргызстан аба жолдору” компаниясынын президенти Акылбек Жумабаев менен болгон маекти, өлкөдөгү паспорт алмаштыруу өнөктүгүнүн артында кандай кызыкчылыктар турганы тууралуу макаланы, Америкадагы 11-сентябрдагы кайгылуу кырсыктан кийин АКШнын Кавказ, Борбор Азия өлкөлөрүнө багытталган саясаты жөнүндө Фазил Зейналовдун макаласы, эларалык бейтарап соттун өкүлү Роберт Кнуцендин Кыргызстандын соода палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу пикирин жарыялап жатабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG