Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Милошевичтин сот процесси кийинкиге калтырылды


ГААГА. Югославиянын экспрезиденти Милошевичтин соту анын ооруп жатканына байланыштуу кийинкиге калтырылды. Гаага трибуналынын өкүлү соттун эртең улантылар-улантылбасы белгисиз экенин билдирди. Милошевитин оорусуна байланыштуу 2002-жылдын февраль айынан бери сот процесси жумасына болгону үч жолудан өткөрүлүп келатат. Алдын ала пландар боюнча, Милошевичтин ишин териштирүү эртең соңуна чыгыш керек эле. Андан соң үч айга танапис жарыяланып, Милошевичке коргонууга убакыт берилет. Милошевич 1990- жылдарда Босния, Хорватия жана Косоводо болгон согуштарда геноцидге жана сандаган согуш кылмыштарына жол берген деп айыпталат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG