ТБИЛИСИ. Бүгүн Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өлкөнүн коопсуздук кызматына кайрылып, коррупциянын жана экономикалык кылмыштардын бетин ачууга үндөдү. Бүгүн өлкөнүн коопсуздук кызматынын жаңы башчысын тааныштырып жатып сүйлөгөн сөзүндө президент Саакашвили ишкер чөйрөлөр менен жергиликтүү бийликтин өз ара кылмыштуу байланыштырынын бетин ачуу, наркоаткесчилик менен террорчулукка каршы күрөшүү Зураб Адеишвили баштаган министрликтин милдети боло турганын билдирди. Грузиянын мамлекет башчысы, ошондой эле, КГБнын архивдерин ачыкка чыгарууга үндөдү. Мурдагы КГБнын архивинин кыйла бөлүгү 1992-жылы Россияга чыгарылып кеткен болчу.