ЖЕНЕВА. Эларалык Кызыл чырым уюму Иордандын батыш жээгинде курулган дубал эл аралык мыйзамдарга кайчы келерин билдирди. Кызыл чырым салынып жаткан дубал палестин аймагына кирип, палестиндерди өзүлөрүнө тийешелүү территориялардан бөлүп жатканын белгилеп, Израилден дубалдын курулушун токтотууну талап кылды. Израил менен Палестин автономиясынын ортосуна салынып жаткан дубалдын эл аралык мыйзамга төп келер-келбесин келерки жумада Гаагадагы эл аралык трибунал териштирүүгө киришет. Израил дубалды өзүн палестин согушкерлеринен коргоо максаты менен салып жатканын айтат.