Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Иранда өнүгүп келаткан 8 өлкөнүн саммити башталды


ТЕГЕРАН. Бүгүн Тегеранда өнүгүп келаткан 8 өлкөнүн саммитин ачып жатып, президент Мухамад Хаттами тынчтык менен демократиянын орношу техникалык жетишкендиктерден жана жакырчылыкты ооздуктоодон көз караанды болорун билдирди.

Ар бир өлкө демократияны куруунун ар башка жолун чабат. Бирок техникалык артта калуучулук менен жакырдык жойулмайын, демократия менен тынчтык орнобойт,- деп билдирди Хаттами.

Өнүгүп келаткан сегиз өлкөнүн Тегеранда башталган саммитине Иран, Малайзия, Индонезия, Пакистан, Мисир, Бангладеш жана Нигерия катышып жатат. "Д-8" деп аталган өлкөлөрдүн уюшмасы 1997-жылы Түркиянын демилгеси боюнча ага мүчө сегиз өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн ыкчамдатуу максаты менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG