Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

Еврошаркет Ооганстандагы шайлоо белгиленген убакта өтөөрүнө үмүттөнөт


КАБУЛ. Еврошаркеттин тышкы байланыштар боюнча жооптуу кызматкери Крис Патен коопсуздукту камсыздоодогу проблемаларга карабастан Ооганстандагы шайлоо мурда белгиленген убакта өткөрүлөрүнө үмүттөнөт. Бул жөнүндө Патен бүгүн Кабулга жасаган эки күндүк визитинин соңунда билдирди. Патен ооган жетекчилигин коопсуздукту камсыздоо жана наркоаткесчиликти ооздуктоо чараларын күчөтүүгө чакырды. Ушул күнгө чейин каттоодон өткөрүлүүгө тийиш 10 миллион шайлоочунун бир миллионго жакыны гана катталды. Ооган бийликтери шайлоого даярдык көрүүнү ыкчамдатууга сөз беришти. Шайлоо июндун соңуна белгиленген.

XS
SM
MD
LG