Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:52

АКШнын аскерлери Иракта дагы бир нече жылга калмакчы


МАДРИД. АКШнын Ирактагы аскерлеринин командачысы генерал-лейтенант Рикардо Санчес америкалык аскерлер Иракта дагы жылдарга кала бериши ыктымал экенин билдирди. Бул жөнүндө Санчес бүгүн Испаниянын "Эл Паис" аттуу күндөлүк гезитине берген интервьюсунда баяндады.Санчес Ирактагы ахвалды "өтө татаал" деп сыпаттап, согуштук аракеттер Иракта алдын ала болжонгондон узагырак созулганын айтты. Акыркы маалыматтар боюнча, Ирактын Хилла шаарында болгон террордук жардыруудан 11 киши курман болуп, көптөгөн кишилер жараат алды. Жан кечти террорчулар АКШ баштаган аскердик коалициянын польшалык аскерлери жайгашкан базасынын жанында эки машинени жардырышкан.

XS
SM
MD
LG