Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

АМЕРИКАЛЫК МАРСЖҮРГҮЛӨР КЫЗЫЛ ПЛАНЕТАНЫ ИЗИЛДӨӨНҮ УЛАНТЫП ЖАТЫШАТ


Эми илим жана технологиялар темасына кайрылып, Марс планетасын изилдөөдөгү соңку кабарлар менен тааныштырабыз. Дүйшөмбүдө америкалык “Спирит” аттуу марсжүргү планетага конгондон берки эң узун сапарын ишке ашырды. Экинчи аппарат - “Оппортьюнити” болсо Марстын кыртышын изилдөөнү улантып жатат.

АКШнын космос агенттиги – НАСАнын инженерлери үстүбүздөгү аптанын дүйшөмбү күнү “Спирит” 49 метрди басып өтөт деп үмүттөнүшкөн эле, бирок аппарат “Бонневил” кратерине карай жолунун 26 метрин гана өтө алды. “Анткени, - деп түшүндүрөт миссиянын менежери Жим Эрикссон, - марсжүргү Кызыл планетанын кыртышын, таштарын изилдөөгө мурда болжолдонгондон көбүрөөк убакыт коротуп койду.

“Бирок биз акырындап максатыбызга жакындап келатабыз”, - дейт НАСАнын адиси. Аппараттын буга чейинки эң узун сапары 21 метрди түзгөн.

“Бонневил” кратерине жол тартаардан алдын “Спирит” марсжүргүсү, “Мими” деп аталган катмарлуу асканы иликтеп чыккан болчу. Окумуштууларды “эмне үчүн Миминин түзүлүшү айланасындагы тоолордукунан кескин айырмаланат?” деген суроо кызыктырууда. Эриксон асканын катмардуулугун анын бир эле мезгилде эмес, бара-бара жаралгандыгы менен түшүндүрсө болот дейт. Адатта, вулкандан пайда болгон аскалар ушул сыяктуу кат-кат шекилде болот.

“Спириттин” конгон жери менен “Бонневил” кратеринин аралыгы - дээрлик 345 метрдей. Кратерге жетиш үчүн марсжүргү дагы 240 метрди басып өтүшү керек.
Америкалык экинчи марсжүргү “Оппортьюнити” болсо планетанын “Гематит эңкейиши” деген аталышка конгон чөлкөмүндө казуу иштери менен алектенип жатат. Бул аймак суунун жардамы менен пайда болгон курамында темир бар минералдарга бай деп болжолдонууда. Аппарат алдыңкы дөнгөлөгүнүн жардамы менен тереңдиги 9, кеңдиги 20 сантиметрге жакын арык казууга жетишти. Марсжүргүнүн боорундагы телекамералар тарткан сүрөттөрдөн кыртыш планетанын үстүңкү катмарынан айырмаланып, ачык түстүү экенин көрсө болот.

НАСАнын өкүлү Жим Эрикссондун айтуусунда, азыр “Оппортьюнити” кыртыштын курамы ар бир жерде бирдейби, же жокпу, ошону аныктоого тийиш.

Буга чейин, тактап айтканда 8-февралда, “Спирит” базальттан турган аскада диаметри бир нече мимллиметрге гана жеткен тешик бургулаган. Эки марсжүргү чогулткан тоо тектеринин үлгүлөрү изилденип чыгып, алардын жардамы менен планетанын геологиялык өткөн чагын аныктаса болот деген үмүт бар.

Алдын ала маалыматтар мурун Марста жылуу жана ным климат болгонун божомол кылууга мүмкүндүк жаратууда.
XS
SM
MD
LG