Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Куштардын сасык тумоосу коркунучтуу чекке жетти


БАНГКОК. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Азия мамлекеттерин "куштардын сасык тумоосуна" каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Бүгүн уюмдун Таиланддагы өкүлү Биөрн Мелгаард Бангкокто Азия аймагынын өкүлдөрү менен жолугушууда илдет мурда болуп көрбөгөндөй өлчөмдө тарап жатканын айтып, адам жанын алып жаткан оору эпидемиялык чекке жетти деп билдирди:

– Биз эми мурда эч качан көрүп-билбеген эпидемияга тушуктук. Ошондуктан келечекте эмне болуп кетээрин айтуу өтө, өтө эле кыйын. Оору мындан ары да тарай бере турган жагдай бар жана ооруну жок кылууга ал-күчүбүз жетпей кала турган абал да түзүлүп калышы ыктымал, - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Биөрн Мелгаард.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык уюму күчөтүлгөн жагдайда иштей баштады жана Азия өлкөлөрү да 22 адамдын өмүрүн кыйган бул ооруга каршы күрөштү күчөтүшү зарыл.

XS
SM
MD
LG