Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Израилдин премьер-министри АКШнын өкүлдөрү менен жолукту


ИЕРУСАЛИМ. Бүгүн Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон менен АКШ Ак үйүнүн өкүлдөрү жолугуп, Газа тилкесинде түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Эки күн мурда Шарон Газа тилкесиндеги жөөттөрдүн 21 айылынын он жетисин көчүрүп кетүүнү сунуштаган жана аны Бириккен улуттар уюму колдоого алган. Кошмо Штаттардын өкүлдөрү Израил жасап жаткан аракеттерди негизинен колдоого алганы менен, Ариэл Шарондун сунушу АКШ, Евробиримдик, Орусия жактырган “жол картасы” планын алмаштырбоого тийиш деп билдиришти. Палестиндер да Ариэл Шарондун жаңы планы болочокто Батыш жээктеги палестиндерге үстөмдүк жасоого алып келиши мүмкүн деген чочулоолорун айтышууда. Кошмо Штаттардын өкүлдөрү Палестин жетекчилиги менен да жолукмакчы.

XS
SM
MD
LG