Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Кипрди бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жанданды


НИКОСИЯ. Бүгүн Кипрди бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды. Аралдагы түркия бөлүгүнүн лидери Рауф Денкташ менен аралдагы гректердин аймагынын президенти Тассос Пападопулос Улуттар уюмунун Кипрди 1-майга чейин бириктирип, бүтүн мамлекет катары Евробиримдикке кошуу боюнча планын талкуулашты. Сүйлөшүүлөр эртең уланат. Эгер тараптар бир мунасага келе албаса, анда Евробиримдикке аралдын Грецияга тиешелүү бөлүгү гана кирмекчи. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан кечээ тараптарды бир ымалага келип, аралдын бир бүтүн мамлекет болушуна баардык аракетти жасоого чакырган:
– Мен лидерлерди учурдан пайдаланып акниеттүүлүк менен тил табышып, ар бир тарап үчүн жеңиштүү сүйлөшүү өткөрүүгө чакырам.

Кофи Аннандын көз-карашында, тараптар сүйлөшүүнү марттын аягына чейин аякташы керек, анткени апрелде аралдын эки бөлүгүндөгү элдин бул маселеге пикири билиниши зарыл.

XS
SM
MD
LG