Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

АКШ Иран менен Жапониянын мунай келишимин сынга алды


ВАШИНГТОН. АКШ Иран менен Жапониянын ортосунда кечээ түзүлгөн келишимди сынга алды. 2 млрд. долларлык келишимге ылайык, Жапониянын 3 компаниясы Ирандагы Азадеган кенинен 26 млрд. баррель өлчөмүндөгү мунайды казууга укук алды. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучердин айтымында, Иран мунайдан түшкөн акчаны өзөктүк куралдарды жасоого жумшашы ыктымал. Күйүүчү майлардын баарын тыштан сатып алган Жапония үчүн бул келишим өтө маанилүү деп саналууда.

XS
SM
MD
LG