Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кофи Аннан Брахимини кабыл алат


БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Ирактагы өкүлү Лахдар Брахимини кабыл алып, Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүгө мүмкүн же мүмкүн эместигин талкуулайт. Брахими жолугушуу алдында минтип билдирди:
– Бул өтө татаал маселе. Ирактын тургундары Бириккен улуттар уюмуна катуу ишенишет, мен Улуттар уюму бул ишеничти актайт деп ойлойм, -

Ирактагы шииттердин өкүлдөрү 1-июлда бийликти өткөрүп алууга даяр экендиктерин айтышууда, бирок, Ирактагы Американын бийлиги азырынча бул эртелик кылат дешүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шейшембиди “Кошмо Штаттары Ирактын утурумдук өкмөтүн түзүү боюнча Улуттар уюмунун кеп-сунуштарын угууга даяр” деп билдирген болчу. Башкатчысы Кофи Аннан болсо өз сунушун аптанын аягында жасамакчы.

XS
SM
MD
LG