Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Иран аза күтүп жатат


ТЕГЕРАН. Бүгүн Иранда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Кечээки темир жол кырсыгынан каза болгондордун сөөктөрү жерге берилип жатат. Иран бийлиги кырсыктын себептерин иликтөөгө киришти. 18-февралда Хороссан аймагындагы Нишапур шаарына жакын жерде химиялык заттарды жана бензинди ташып бараткан поезд жарылган. Кырсыктан 300дөй киши каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алган. Көз жумгандардын көбү күйүп жаткан цистерналарды өчүрүүгө аракет жасап жаткан убакта болгон жарылуулардан мерт болушкан. Ирандын бийлиги эмне үчүн 51 вагонду сүйрөп бараткан поезд жолдон чыгып кетип, жарылганын аныктоо ишине киришти. Жарылуунун күчү ушунчалык катуу болгондуктан жергиликтүү эл алгач жер титиреп жатат деп ойлогон.

XS
SM
MD
LG