Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Жаңгак уюлдары уурдалып жатат


ЖАЛАЛАБАД. Эки айда облустук токой чарба башкармасы 39 жаңгак уюлун уурдоо фактысын каттаган. 150 жылдан узак өскөн жана түшүмдүү жаңгактарда пайда болуучу уюлдар Базаркоргон районундагы Арстанбап, Ачы, Жайтерек токой чарбаларынан жоголгон. Курал-жарак, жыгач-эмерек, автоунаа жасоодо жана жыгач өнөр жайына пайдаланылчу уюлдардын эң аз салмагы 500 килограмм же бир тонна болот жана Европада килограммы 10 долларга сатылат. Токой башкармасынын директору, облустук кеңештин депутаты Максат Мырзаев 9 уюлдун уурдалышын Базаркоргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кайдыгердиги менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG