БИШКЕК. Жаратылыш газын калкка жеткирүү жөнүндөгү 1999-жылкы келишим талапка ылайык келбегендиктен газ ишканасы менен жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн ортосунда талаш-тартыш пайда болгон. Учурда «Кыргызгаз» ишканасынын адистери коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бирдикте жаратылыш газын калкка жеткирүү боюнча жаңы келишимдин долбоорун иштөөдө. Буга байланыштуу «Бишкекгаз» башкармалыгында коомдук угуу болуп, ага монополияга каршы саясат комитетинин, энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай маалыматты бүгүн «Кыргызгаздын» маалымат кызматынан билдиришти.
Коомдук угууда газ ишканасынын көзөмөлдөөчү аймагы, газ куурунун, тармактын техникалык жагын жаңыртуу маселеси, газ керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгы, газга карата төлөмдөрү жана милдеттери талкууланды. Бул маселеге байланыштуу иштелип жаткан келишимдин долбоору ушул айдын соңунда кабыл алынышы күтүлүүдө.