Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Борбор Азиянын болочогу кандай?


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Борбор Азияда куралдуу чыр-чатактардын болушун алдын алууда күч структураларынын, эларалык уюмдардын жана атуулдук коомдун өз ара кызматташуусуна арналган регионалдык конференция болду. Жыйында чыр-чатактардын болушуна региондогу чечилбей келген суу, чегара маселелери, баңгизаттарга байланыштуу жагдай жана башка факторлор өбөлгө болушу мүмкүн деген пикирлер айтылды. Борбор Азиянын айрым республикаларынын, өзгөчө Тажикстандын калкынын колунда ок атуучу куралдын көп сакталышы да кооптонууну туудуруп жаткандыгы белгиленди. Жыйын региондогу чыр-чатактарды алдын алуу боюнча Борбор Азия өкмөттөрү жана атуулдук коомдору тарабынан биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүшү зарылдыгын баса көрсөттү. Регионалдык конференция Кыргызстандагы «Эл аралык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өтүп, анын ишине Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч структураларынын жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG