Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Кыргызстан өзбек чегарачысынын жоопко тартылышын талап кылууда


БИШКЕК. 2003-жылдын 16-июлунда кыргыз-өзбек чегарасындагы окуяга байланыштуу иликтөө иштери Кыргызстандын тиешелүү министрликтери менен мекемелери тарабынан аягына чейин улантылат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Кыргыз тарап кыргыз-өзбек чегарасындагы бул окуя учурунда Ош облусуна караштуу Карасуу шаарынын тургуну Адылжан Үркүнбаевдин (1982-жылы туулган) каза болушуна күнөөлүү өзбекстандык аскер кызматкерлерин жоопко тартуу талабын коюуда.
Өткөн жылдын декабрь айында Башкы прокуратура Кыргызстан атуулунун өлүмүнө байланыштуу ачкан кылмыш ишин коңшу өлкөнүн башкы прокуратурасына тапшырган. Иште өзбек аскер кызматкерине айып тагылган. Ал эми ушул жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тышкы иштер мекемесине бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү сунуштаган. Өзбек тарап мындай комиссияны түзүү маселеси кылмыш иши боюнча бир жактуу чечим кабыл алынгандан кийин гана каралаары жөнүндө маалымдаган.

XS
SM
MD
LG