Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:24

Өкмөт парламентке маалымат берүүнү улантты


БИШКЕК. "Өлкөдөгү социалдык-экономикалык проблемалардын баарын чечүүгө өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок, ага бюджеттин азыркы абалы да мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок, өкмөт өлкөдөгү экономикалык жана социалдык абалды жакшыртуу үчүн күч-аракеттерин жумшайт", - деп бүгүн премьер-министр Николай Танаев Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында маалымдады. Парламентте премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Депутаттар өнөр жай, айыл чарба жана башка тармактардагы кемчиликтерди белгилешип, бир катар министрликтердин иштерин кескин сынга алышты. Коррупция күчөп, экономикалык көрсөткүчтөр бурмаланып жатканын белгилешти. Парламент өзүнүн күздө чыгарган токтомунун аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну шейшембиде баштаган.

XS
SM
MD
LG