Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Кыргыз соту өзбекстандык эки атуулду өлүм жазасына кести


БИШКЕК. 2002-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарындагы «Оберон» соода комплексиндеги жана кийин Ош шаарындагы «Бакай» банкынын акча алмаштыруу жайындагы жардырууларды уюштурган деген айып менен Өзбекстандын Асадулло Абдуллаев, Илхом Изатуллаев аттуу эки атуулу өлүм жазасына тартылышты. Мындай өкүмдү бүгүн Кыргыз Республикасынын аскер сотунун судьясы Мадамин Азимжанов чыгарды. Аскер сотунун ушул эле күнкү өкүмүнө ылайык кылмышкерлерге көмөктөшкөн деген айып менен Кыргызстандын үч атуулу - Улуттук гвардиянын кызматкерлери Евгений Шабаров, Мирлан Маматов жана Юрий Корчман үч жылдан күчөтүлгөн тартипте жаза өтөөгө кесилишти. Бирок Евгений Шабаров менен Юрий Корчман «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдын негизинде сот залынан бошотулушту. Сот тарабынан белгиленгенге караганда, өлүм жазасын алган эки атуул Өзбекстандын Ислам кыймылынын мүчөлөрү болушкан жана алар Ооганстанда аскердик машыгуулардан өтүшкөн. Бишкекке алар АКШнын Кыргызстандагы элчилигин жардыруу максатында келишип, бирок аны ишке ашыра алышкан эмес.

Оштогу банктын акча алмаштыруу жайын жардыруудан 1 адам, ал эми Бишкектеги «Дордой» базарындагы жардыруудан 7 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG