Ушул күндөрү Казакстандын коопсуздук кызматы Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан SMB фирмасынын Алматадагы бөлүмүнүн ишин иликтеп жатат. SMB компания болсо, АКШ президенти Жорж Буш жарыя айткандай, “Пакистандын өзөктүк куралдарынын атасы” аталган окумуштуу Абдул Кадыр Хан менен кызматташып келгени аныкталган. Эске сала кетели - Абдул Кадыр Хан ушул айдын башында буга чейин өзөктүк куралдар боюнча жашыруун сырларды Түндүк Корея, Иран жана Ливияга сатып келгенин моюнга алып кечирим сураган болчу. Президент Первез Мушарраф ага ырайым кылган.
Бул чуулгандуу окуядан кийин Казакстандын чалгын кызматы Казакстанда да уранды четке мыйзамсыз саткандар болуп жүрбөсүн деген суроого кызыга баштады. Анткени совет бийлиги тушунда Казакстандын аймагы кеңири кыргын салуучу куралдарды жасоого, сыноого жана сактоого кызмат кылып келген. Эгемендик алган Казакстан 1995-жылы совет бирлигине тиешелүү өзөктүк куралдарды толугу менен Орусияга өткөрүп берген. Ал эми 2000-жылдын июлунда кеңири кыргын салуучу куралдарды сынай турган Семипалатинскинин ишин биротоло токтогон.
Азырынча Казакстандын бийлик өкүлдөрү “өзөктүк куралдарды жасоодо колдонулуучу байытылган урандын мыйзамсыз жол менен чет мамлекеттерге сатылып кетиши мүмкүн эмес” деп жатышат. Ошого карабай Казакстандын коопсуздук кызматы илинчек таптык дешүүдө.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш шри-ланкалык ишкер Бахари Саид Абу Тахирдин Дубайдагы SMB компаниясы өзөктүк куралдарды тымызын жасап жаткан мамлекеттерге ортомчулук кызмат көрсөтүп келатканы аныкталды деп билдирген болчу. Президент Жорж Буштун айтымында, Абу Тахир пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Хан менен Түндүк Корея, Иран жана Ливияны байланыштырып турган ортомчулук милдетти өтөп келген. Демек, уран дагы, акча, маалыматтар да Абу Тахирдин Дубайдагы SMB компаниясы аркылуу өтүп турган болушу ыктымал.
Эми бул фирманын Алматыда да өз бөлүмү бар экендиги аныкталып отурат. Бейшемби күнү Казакстандын коопсуздук кызматынын өкүлү Кенжебулат Бекназаровдун Ассошиэтед пресстин кабарчысына айтканына караганда, SMBнин Алматадагы бөлүмүнүн иши азыр кылдат иликтенип жатат жана ага байланыштуу кеңсенин иши токтотулду. Суракка алынып жаткандар болсо Казакстандын мыйзамдарынын чегинде гана иштеп келишкенин айтышууда. Кеңсенин жетекчиси Шаул Хамиид деген адам экендиги аныкталды, бирок азыр анын дайыны табылбай жатат.
Казакстандын атом энергиясы боюнча улуттук компаниясынын – Казатомпромдун өкүлү Шинар Жаныбекова “азыр чуу көтөрүүгө эч кандай негиз жок” дейт. Анын айтымында, Казакстандан мыйзамсыз жол менен уранды алып чыгып кетүү дегеле мүмкүн эмес. “Анын үстүнө Казатомпромдун өкүлдөрү SMB компаниясы менен эч убакта иштешкен эмес” – дейт Шинар Жаныбекова.