БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган кыргызстандык делегация Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Борис Грызловдун чакыруусу менен Москвага жөнөп кетти. Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Абдыганы Эркебаев 21-февралда Мамлекеттик думанын он жылдык мааркесине катышып, сөз сүйлөйт. Ошондой эле иш сапары учурунда Абдыганы Эркебаев Орусия парламентинин төрагасы Борис Грызлов менен жолугушуп, парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу пикир алмашат.