БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун 85,16 % акциясын Орусиянын «Газпром» жабык акционердик коомунун башкаруусуна берди. Өкмөт ушундай чечим кабыл алгандыгы тууралуу бүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинен кабарлашты. Маалыматка караганда буга чейин «Кыргызнефтегазды» экинчи тарапка башкарууга берүү максатында эки ирет конкурс жарыяланып, бирок тыянак чыккан эмес. Ал эми «Газпром» өз карамагына ишкананы берүү сунушу менен кыргыз өкмөтүнө январь айынын этегинде кайрылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалымдашынча, өкмөттүн чечими толук макулдукту билдирбейт. Бул Орусия сунуштаган инвестициялык шарттарга жараша чечилет. Бул шарттар геологиялык, экономикалык жана юридикалык негиздерге таянып даярдалышы керек. Ал эми «Газпромдун» кечээ Бишкекке келип кеткен төрагасынын орун басары Александр Рязанов Интерфакс агенттигине берген интервьюсунда Орусия ишкананы өткөрүп берүү ишинин эрте чечилишине кызыкдар экенин билдирген.