Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

"Элдик конгресс" президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди колдойбу?


БИШКЕК. "Элдик конгресске" кирген «Арнамыс» жана «Социал-демократиялык» партиялар келээрки президенттик шайлоодо Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиевдин талапкердигин колдоп чыгышы ыктымал. Бул тууралуу Курманбек Бакиев «Жаңы Ордо» газетасынын бүгүнкү санындагы маегинде билдирди. Бакиевдин айтымында, ал буга чейин «Социал демократиялык» партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаев, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда Алиев менен Атамбаев келечекте аны колдойбуз деген ойлору бар экендигин жана бул маселе учурда абакта жаткан Фелик Кулов менен да сүйлөшүлгөндүгүн айтышкан. «Мен жакында Феликс Кулов менен жолугушам, ошондо бул маселе толук ачык болот»,- дейт Курманбек Бакиев. Курамына төрт партия кирген "Элдик конгресс" саясий бирикмеси буга чейин 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Куловду жана «Социал-демократиялык» партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаевди көрсөтө тургандыгын жарыялашкан. Ал эми Курманбек Бакиев президенттик шайлоодо ат салыша тургандыгын өткөн жылы билдирген.

XS
SM
MD
LG