Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

«Оберонду» жардыргандар жазасын алып жатат


БИШКЕК. Кыргызстандын атайын кызматтары «Оберон» соода комплексинде жана «Бакай» банкынын Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайында жардырууларды уюштурган деп шектелген кыргызстандык, өзбекстандык жана кытайлык үч атуулга издөө салууда. Ага Өзбекстандын, Орусиянын атайын кызматтары жардам көрсөтүүдө. Мындай билдирүүнү бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Медетбек Талиев билдирди. Анын айтымында, Маматов Илимбек, Масирахунов Шухрат Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү жана булар террордук актыларды жасоо боюнча атайын даярдыктардан өтүшкөн. Ал эми кытайлык Туохети Турсун террор жасаган деп шектелген атуулдарга паспорт жасап берүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн айыпталууда. Коопсуздук кызматынын өкүлүнүн маалымдашынча, «Оберондогу» жана акча алмаштыруучу жайдагы жардырууларга жалпысынан тогуз адам катышкан. Алардын экөө- Илхом Изотуллаев менен Асадулло Абдуллаев Өзбекстандын атуулдары болушкан. Ал экөөнү Кыргызстандын аскер соту өлүм жазасына, ал эми Улуттук гвардиянын кызматкерлери Мирлан Маматов, Евгений Шабаров, Юрий Корчманы күчөтүлгөн тартипте үч жылга эркинен ажыратты. Акыркы экөө мунапыс мыйзамына ылайык сот залынан бошотулду. Ал эми тогузунчу айыпкер-Каримов Азиз апта башында Өзбекстанда өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG