Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

КЫРГЫЗ ФУТБОЛУНУН КЕЛЕЧЕГИ - НЕМИС МАШЫКТЫРУУЧУНУН КОЛУНДА


Бул күндөрү Германиянын “Боруссия-Дортмунд” командасынын машыктыруучусу Хорст Франц Бишкекке келип, кыргыз футболунун абалы менен таанышып жүрөт. Ал Кыргызстанга өлкөнүн футбол федерациясынын жана немистердин улуттук маданий борборунун төрагасы, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Дилдин чакыруусу менен келди.

Дүйнө жүзүндө футбол оюну спорттун мыктысы аталып, улуттук саясатка эбак айланган. Көп өлкөлөрдө футбол мамлекетти дүйнөгө таанытуучу реклама жана жакшы бизнеске эбак эле айланган. Мурда аты угулбаган Сенегал, Нигерия, Камерун өлкөлөрүн дүйнө эли футбол аркылуу тааныды. Шериктеш өлкөлөрдөн азырынча Грузия, Молдова мамлекеттеринин аты да футбол аркылуу угулуп жүрөт. Өзбекстандын футбол командаларын да сегиз айдан бери немис адистери машыктыра баштады.

Кыргызстандагы футбол материалдык колдоого жана мыкты машыктыруучуларга абдан муктаж. Бирок өкмөттүн футболго каражат бөлүп берүүгө чамасы чак. Эгемендүүлүк алган 13 жылдан бери өлкөнүн футбол чемпионаты Эларалык футбол федерациясынын жардамы менен эптеп өткөрүлүп келатат. Ушул абройлуу уюмдун колдоосу менен Бишкекте жасалма кыртыштуу футбол стадиону да курулду. Пиво чыгарган “Наше пиво” компаниясы улуттук чемпионаттын негизги демөөрчүсү болууда. Өлкөдөгү 4 жеке менчик футбол клубдарын түзгөн ишкерлердин колдоосу да чектелүү. Мыкты машыктыруучулар башка мамлекеттерге кетип калгандыктан, бул тармак билимдүү устаттарга абдан муктаж. Чет элдик тажрыйбалуу машыктыруучуларды чакыруу кымбат.

Кыргыз футболун мындай кыйынчылыктан алып чыгууга азыр Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Диль демилге көтөрүп, аракет жасоодо. Ал Германиядагы спортко жооп берген ички иштер министрлиги, спорт клубдары менен байланышып, “Боруссия-Дортмунд” командасынын мурдагы машыктыруучусу Хорст Францты Кыргызстанда иштөөгө көндүрүүгө аракет жасап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал тууралуу Валерий Диль мындай дейт:


-Бул долбоор ишке ашса эки өлкөнүн кызматташуусуна да жакшы таасир берет. Футболго жаштарды кызыктырсак, алардын денсоолугу да чыңдалат эле. Германияда балдар футболду 5 жашынан баштап ойнойт. Алардын футбол мектеби дүйнөгө таанымал. Спорт бул-өлкөнү даңазалоонун бир булагы.

Хорст Франц Кыргызстандын футбол боюнча адистери менен кезигип, командалардын оюнун көрүп, стадиондор менен таанышып чыкты. Алгачкы таасирлери тууралуу Хорст мырза:

-Кыргыз футболунун пайдубалы бар экен. Аны өнүктүрүү үчүн концепция иштеп чыгуу зарыл. Мыкты машыктыруучу келсе эле ийгилик боло калбасы бышык. Эларалык тажрыйбамды колдонуп, талдоого алып, жардам берсек болчудай. Кыргызстанда шамдагай, жөндөмдүү жаштар бар экенине көзүм жетти. Демек, балдар, өспүрүмдөр жана жаштар командаларына басым жасоо менен кыргыз футболун өнүктүрүүгө негиз бар, - дейт.


Хорст Франц 1981-жылы Германиядагы “эң мыкты машыктыруучу” атагын алган. Тажрыйбалуу устат Кыргызстанга келип иштеп калса, алгач өспүрүмдөр жана жаштар командаларын машыктырууну көздөп атат. Бирок ал бир жылдык кызмат акысын 100 миң америка долларына баалап жатат. Мындай каражаттын 20 пайызын кыргыз өкмөтү төлөп бериши мүмкүн экендигин өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев билдирди. Анын айтымында, калган каражатты эларалык уюмдар же жеке ишкерлердин төлөп бериши үчүн азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде Хорст мырза менен 5 жылга келишим түзүлсө, анда ага 500 миң доллар төлөп берүү өлкөнүн федерациясына кыйынга турчудай. Ал тууралуу өлкөнүн футбол федерациясынын президенти, экономика министри Амангелди Муралиев мындай ойлорун ортого салды:

-Өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарды өзүңүздөр баамдап жатасыздар. Маселени оң чечүүгө аракет кылып жатабыз. Өкмөттүк деңгээлде маселе коюп жатам. Эларалык уюмдардан дагы жардам, грант сурап кайрылып жатабыз. Ушундай жол менен Кыргызстандын тандалма командасынын деңгээлин көтөрсө болот.

Эгерде каражат маселеси чечилсе, эларалык деңгээлдеги машыктыруучу Хорст Франц ушул жылдын аягында Кыргызстанда иштеп калышы ыктымал. Буга эки тарап тең кызыкдар.
XS
SM
MD
LG