БАНЯ ЛУКА. Босниянын өкмөтү өлкөнү Еврошаркетке интеграциялоо чараларынын алкагында полиция күчтөрүн кыскартмакчы болуп жатат. Ички иштер министри Зоран Глусачтын айтымында, биринчи марттан баштап полициянын жана ага байланышкан мекемелердин 621 кызматкери жумуштан бошотулат. Аларга жалпы суммасы 2 миллион 400 миң доллар өлчөмүндө акча төлөнөт. Босния-Герцеговина конфедерациясына кирген Србска республикасынын ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин 40 процентин кыскарткандыгын билдирди.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага