Эне тилдин эл аралык күнү Бангладеш мамлекетинин сунушу менен ЮНЕСКО тарабынан жарыяланган. 1952-жылы ушул күнү бенгал тилине мамлекеттик макам берүү талабы менен көчөгө чыккан 5 студент каза тапкан. Бул күнү ар бир эне тилдин проблемаларына ырасмий бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн дүйнө жүзүндө ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.
Президент алдындагы тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Азимжан Ибраимовдун айтымында, бул күндү белгилөөгө бардык мекемелерге, уюмдарга жана бийлик органдарына чакырык жөнөтүшкөн. Бул күнгө карата кечээ Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде тил борбору ачылды. Бишкек гуманитардык университетинде эне тил күнүнө арналган чоң фестивал өткөнү турат.
Ал эми «Аалам» гезити уюштурган эне тил кыймылы кыргыз тилинин жумалыгын өткөрдү. “Ааламдын” редактору Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, эне тил үчүн чараларга бир жума аздык кылат экен деп, эми аны кырк күндүк акция кылып узартышты.
- Эне тилдин кырк күндүгүндө өлкөнүк бардык булуң-бурчун кыдырып, эл ичинде мамлекеттик тилди пропагандалап, аны коргоо жана колдоо боюнча марафондорду өткөрөбүз, - дейт Чолпонбек Абыкеев.