Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

КЫРГЫЗДЫН ГЭСтери ТОЛКУП…


Орто Азия өлкөлөрү үчүн суу маселеси канчалык маанилүү экендиги байыртадан маалым нерсе. Суунун жетишсиздиги же арбындыгы жаратылышка жана калктын жашоосуна кескин таасир тийгизип келген.

Жакындан бери Сырдарыя ташкындап Өзбекстан менен Казакстандын айрым айылдарын суу каптап, адамдардын өмүрүнө коркунуч пайда болду. Маалымдоо каражаттарынын кабарлоосуна караганда, Казакстандын Кызылордо облусунун 608 чарчы чакырым жерин суу каптап, 2079 адам кырсыктуу жерден башка жакка көчүрүлгөн. Түштүк Казакстандагы Бекарстан жана Жаныкурлыс унаа жолдору суу астында калган. Казакстандын "Чардарыя" (Шардара) суу сактагычынан суу ашып, Жосалы кыштагынын үстү жагында 4 чакырымга жакын жерде муз аянты пайда болгон. Орус маалымдоо каражаттары эгер "Чардарыя" суу сактагычы жарылса, анда Түштүк Казакстан менен Кызылордо облустары эле эмес, Орусия менен Казакстан биргелешип пайдаланып жаткан Байкоңур космос полигону суу астында калат деп кабатырлана башташты.

Чындап эле, азыркы алаамат буга чейин болуп келген табият "сюрпризинен" кескин айырмаланат. Өзгөчө суу ташкындын жаз айында эмес, кыштын кыраан чилдесинде болуп аткандыгы адистерди кооптондурбай койбойт. Эгер кырдаал өзгөрбөсө, анда жазгы жылуулук менен тоодогу мөңгүлөр эрип, суу кирген кезде Өзбекстандагы "Кайракум" жана Казакстандагы "Чардарыя" суу сактагычтарынын абалын элестетиш кыйын. Мындай шартта Нарын - Сырдарыя нугунда жайгашкан өлкөлөр суу маселеси жана ага байланыштуу проблемаларды чогуу чечүүсү абзел. Бирок, андай ынтымак менен чечүүнүн ордуна жакында Өзбекстан президенти Ислам Каримов Казакстан президентине кат жолдоп, анда түзүлгөн кырдаалга жалгыз Кыргызстан күнөөлүү деп, суу каптаган айыл-кыштактардын жана үй-жайсыз калган адамдардын азап-тозогу менен кайгы-мунун толугу менен Кыргызстанга жүктөдү.

“Чындап эле Кыргызстан ири аймактагы калктын мүшкүлүнө себепкерби?” деген суроо менен Улуттук Илимдер Академиясынын суу чарба институтунун директору, академик Дүйшөн Маматкановго кайрылдык. Анын жообу мындай болду:

Кыргызстандын эч кандай күнөөсү жок.Орто жерде Кыргызстан бир топ чыгымдарга дуушар болуп атат, Казактанда суунун капташы - бул өзү тарыхый жана табигый боло турган иш. Анткени, Сырдарыянын суусунун нугу жок. Мурунку дарыя суусунун нугу калбай калган. Жергиликтүү эл суунун жээгиндеги жерди айдашып, күрүч, пахта эгип, эс алуучу жай, айыл куруп, баарын өздөштүрүп салган. Анан суу көп келсе батпай калган. Суу жетпей Арал деңизи да ушул эсептен соолуган. Себеби, суу жиберсе да Аралга өтпөйт, жетпейт. Токтогул суу сактагычынын чыккан суунун эсебинен 1 млн.300 миң гектар жер сугарылат. Токтогул суу сактагычын иштетип жайкысын сууну берип, кышкысын сактап турууга кеткен ыгым-чыгымынын баарын эсептеп келгенде биз 500 станцияны иштетүү үчүн жылына 200 млн. доллар каражат сарптайт экенбиз, бирок пайда таппайбыз. Казакстанды эсептебегенде, Өзбекстан жалгыз 800 млн. доллар пайда табат экен. Азыр сууну азайтып бериш үчүн биз электр энергияны кышкысын иштетпей атабыз, кубат жетпей көпчүлүк жерде электр жарыгын өчүрүп атабыз. Демек эл чыгым болуп атат

XS
SM
MD
LG