Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Ирандагы парламенттик шайлоонун Борбор Азияга таасири кандай болот?


БИШКЕК. Иран ислам республикасынын парламентине жума күнү болгон шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча консерваторлор көп добушка ээ болушканы айтылууда. Ирандын диний жол башчысы аятолла Али Хаменейи шайлоонун эркин жана калыс болгондугун билдирүү менен жыйынтыкка ыраазы экендигин кабарлады. Реформачылар анын пикири менен макул эмес. Кыргызстандагы айрым саясат иликтөөчүлөрдүн пикирине караганда, Ирандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы Борбор Азия жана Евразиядагы геосаясатка эч кандай таасир бербейт. Эксперт Карыбек Байбосуновдун пикири боюнча, Иранда консерваторлордун бийликке келиши мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени, Иран батыш өлкөлөрдүн таасирине берилбей өз жолун тандаган мамлекет. Айрым жергиликтүү саясатчылар болсо эгерде Иранда реформачылар жеңсе, анда ал Борбор Азия аймагынын болочогу үчүн оң таасир бермек деп санашат.

XS
SM
MD
LG