Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Өткөн жылы АКШ Кыргызстанга 56,6 млн. доллар жардам берген


БИШКЕК. 2003-жылы АКШ Кыргызстанга 56 миллион 600 миң долларлык жардам берди. Мындай маалыматты бүгүн «Центразия» интернет баракчасы АКШнын мамлекеттик департемантинин маалыматына таянып таратты. Берилген каражаттын 13,5 миллион доллары Кыргызстандагы демократияны колдоо программаларын, 20 миллионго жакыны экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүүгө, 10 миллион 300 миң доллары коопсуздук менен укукту сактоого, 9 миллиону гуманитардык жардамга жана 3 миллион 800 миң доллары ар кандай тармактагы демилгелерди колдоого жумшалган. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсү боюнча, АКШ Кыргызстанда демократиялык маанайдагы жана рынок экономикасы маалында иштиктүү чечимдерди кабыл ала турган инсандарды калыптандыруу программасына өзгөчө көңүл бурууда.

XS
SM
MD
LG