Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Гаитидеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкта турат


Кариб аралдарында жайгашкан бул өлкөнүн президенти Жан Бертран Аристид өз ыйгарым укуктарын чектеп, куралдуу козголоң чыгарган оппозиция үчүн ылайыктуу өкмөт түзүү боюнча сунушка макул болду. Ал кечээ АКШ, Канада жана Франциянын дипломаттары менен жолуккан соң буларды билдирген эле:

-Биз үч адамдан турган комиссия түзүүнү макулдаштык. Премьер-министрликке талапкерди тандоого жардам берүүчү, бейтарап, көз карандысыз адамдардан турган ал комиссиянын курамы келечекте жети адамга чейин кеңейтилет. Андан соң жаңы өкмөт куралат. Биз шайлоо өткөрүлгүдөй жагдайды түзүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

Бирок Гаити президентинин каршылаштары анын отставкасын талап кылышууда. Куралдуу жаңжаал тутанган ушул айдын башынан берки кагылыштардын учурунда кеминде алтымыштай адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG