ОШ. Экология жана өзгөчө кырдаалдар менен Коргоо министрликтеринин атайын даярдалган адистери жекшемби күндөн бери Каракулжа-Алайкуу жолундагы кар көчөт деп шектелген жерлерди атайын жардыргыч жана үн жаңырткыч заттардын жардамы менен тазалап жатышат. Айрыкча, адистер Кыргый, Көккөл, Тамчы деген жерлерде кыйла кармалышты. Жасалма жол менен көчүрүлгөн көчкү бирок күткөндөн аз болду. Каракулжа-Алайкуу жолундагы кар көчүрүү иш чаралары шейшемби күнү кечинде аяктайт. Көчкүнү атайын жардыруулардан улам ал аймактарда жол каттамы убактылуу токтотулду.