БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын 27-январында президент Аскар Акаев Нарын обласынын Кочкор районуна иш сапары менен барганда райондук оорукананын жетекчилиги президентти коноктоо үчүн ар бир дарыгерден 65, медсестралардан 50, жалпы суммасы 20 миң сом акча топтогон. Оорукана жетекчилиги мындай иш-чара райондун акими Алмаз Кулматовдун буйругу менен жасалгандыгын айтышкан. Ага нааразы болгон райондук оорукана кызматкерлери «Эр айдоочу» укук коргоо уюмуна арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» аталган укук коргоочу уюмдун жетекчиси Качкын Булатов маалымдады. Укук коргоочунун айтымында, мындай арыз райондун тиешелүү бийлик органдары тарабынан бир нече күндөн бери териштирилбей жатат. Ал эми ушул эле күнү райондун акими Алмаз Кулматов бул маалыматты «жалган» деп жокко чыгарды.