Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Курманбек Бакиев менен «Элдик конгресстин» мамилеси кандай?


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев соңку алты айдан бери курамына төрт саясий партия кирген «Элдик конгресске» кирүүгө аракет жасаган. Бирок, конгресске кирген партиялар койгон талаптарды өз убагында аткара албагандыктан конгресске кабыл алынган жок. Бул тууралуу бүгүн «Атамекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, «Элдик конгресске» кирген партиялар Курманбек Бакиевден аталган саясий бирикменин программасын таануусун жана «Арнамыс» партиясынын азыр абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов адилетсиз соттолгон саясий туткун экендигин коомчулукка өз атынан ачык жарыялоосун талап кылышкан. Ал эми Курманбек Бакиев «мен Алмаз Атамбаев, Эмил Алиев менен жолугуп сүйлөшкөм. Алар мага эч кандай талап койгон эмес»,-деп маалымдады.

XS
SM
MD
LG