Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

17-мартта Аксы окуясы эскерилип, митинг өтүшү ыктымал


БИШКЕК. 2004-жылдын 17-мартында Аксы окуясына эки жыл толот. Буга байланыштуу бүгүн «Кайран эл», «Эркин Кыргызстан» жана «Асаба» партиялары 17-мартта Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митингисин өткөрүүгө уруксат сурап, Бишкек шаарынын мэрине жана Биринчи Май райондук администрация башчысына кайрылышты. 2002-жылдын 17-мартында Жалалабад областынын Аксы районунда милиция кызматкерлери менен карапайым элдин кагылышуусу болуп, милиция кызматкерлеринин аткан огунан беш адам каза болгон. Бийлик Аксы окуясына күнөөлүүлөр өз жазасын алышкан деген пикирде, оппозиция өкүлдөрү ага макул эмес.

XS
SM
MD
LG