Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

БҮГҮН ӨКМӨТ КЕЗЕКТЕГИ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАТРИЦАНЫН АТКАРЫЛЫШЫН ТАЛКУУЛАЙТ


Бүгүн кыргыз өкмөтү IV инвестициялык матрицанын аткарылышынын абалын талкуулаары болжолдонуп жатат. Премьер-министр Николай Танаевдин башкаруусунда өтө турган бул отурумда министрликтер жана мекемелер матрицанын аткарылышы боюнча билдирүүлөрдү жасашы күтүлүүдө.

Инвестициялык IV матрица былтыр жайында өткөн Чолпоната саммитинде кабыл алынып, анын негизинде президент Аскар Акаев сентябрда жардык чыгарган.

Кедейчиликти кыскартуу боюнча улуттук стратегияны жана комплекстүү өнүгүү программасын ишке ашыруу багытын көздөгөн бул матрицанын ишке ашырылышын инвестиция тартуу боюнча катчылык жөнгө салат. Анын аткарылышы жумушчу топтордун айлык жана эксперттердин жумалык жыйындарында талкууланып турат.

Премьер-министрдин буга чейинки матрицага байланыштуу өткөн өкмөт жыйынында IV матрицаны ишке ашырууда дурус аракеттер көрүлүп жатканын айтуу менен, айрым мекемелердин иш аткаруудагы чабалдыгынан улам матрицада каралган айрым иштер улам кийинкиге калып атканын белгилеген. Маселен, премьердин айтымында, III матрицадан калган кыйла милдеттерди өкмөт IV матрицанын концепциясына киргизүүгө аргасыз болгон:

- Биз III матрицадагы милдеттердин айрым бөлүгүн IV инвестициялык матрицага которууга аргасыз болгонбуз.

Ал эми IV матрицанын аткарылышын талдаган бүгүнкү жыйындын бүтүмү жазда боло турган донорлор менен жолугушууда козголчу маселелердин негизин түзүшү ыктымал. Анткени, донорлордун катышуусунда өтө турган консультативдик жазгы кеңеш инвестициялык V матрицанын долбоорун талкуулаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG