ОТТАВА. Кечээ Канада Түндүк Кореядагы нанга жетпей, ачкачылыкта жашап жаткан адамдар үчүн 750 миң доллар каражат бөлөөрүн билдирди. Канаданын эларалык өнүктүрүү агенттиги бул акчаны Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Түндүк Кореяга жөнөтөт. Канада ушул айдын башында да 750 миң долларды Түндүк Кореядагы жакырчылыкта жашап жаткандарга жиберген. Мындан эки апта мурда Дүйнөлүк азык-түлүк программасы эларалык коомчулуктун көңүлүн Түндүк Кореяда 4 млн. адам ачкачылыкта жашап жатканына буруп, көмөк көрсөтүү иш-чараларын баштаган.