ВАШИНГТОН. “Президент Жорж Буштун администрациясы Сербия жана Черногориянын Евробиримдикке эркин жана бейкут мамлекет катары киришине кызыкдар” деп билдирди АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер кечээ кечинде. Баучердин айтымында, ошол эле маалда Серб бийликтери эларалык Гаага соту менен иштиктүү мамиле түзүшү керек жана мурдагы Югославияда аскердик кылмыштарды жасаганы үчүн изделип жаткан атуулдарды кармоого жардамдашуусу зарыл. Ошондон улам, Баучердин айтымында, Сербиянын жаңы жетекчилигинин алдында өлкөнүн Евробиримдикке кошулушу үчүн саясий жана экономикалык батыл реформаларды жүргүзүү милдети турат.